Бишкектин Ак-Босого конушунун Айзада аттуу жашоочусу өз баласын 20 миң сомго сатканы аныкталды. Маалыматты 9-февралда SUPER.KG порталына ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришти. Аял баласын саткандан кийин, 2015-жылдын ноябрында дайынсыз жоголуп кеткен.
"Иликтөөнүн жүрүшүндө Ак-Босого конушунда 26 жаштагы Айзада аттуу келин жолдошу, 1976-жылы туулган Жумабек жана эки баласы менен батирде жашап жүргөнү билинген. Алар укук коргоо кызматкерлери тарабынан Нарын облусуна караштуу Миң-Булак айылынан кармалышты. Айзада кылмышты моюнуна алып, 2015-жылдын 14-июлунда кыз төрөгөндүгүн айткан. 2014-жылы жолдошу Жумабек менен таарынышып, өзүнчө жашап жүргөн маалда Жанузак аттуу адам менен таанышып, андан боюна бүтүп калганын айтып берди. Кийин жолдошу менен элдешип чогуу жашай баштаганда, оор турмуштун айынан жаңы төрөлгөн үчүнчү баласын сатууну чечишкен",- деп билдирди башкармалык.
Айзада баласын сатарын алгач кошунасына айтып, маалымат кошунасы аркылуу башкаларга тараган. Аягында ымыркайды 20 миң сомго Көлмө конушунун А.Зейнегүл аттуу жашоочусу сатып алганы айтылды. "Учурда наристе жакшы шарттарда багылууда. Тийиштүү материалдар Биринчи Май райондук милициясына берилип, иликтөө иштери жүрүүдө. Баланы азыркы үй-бүлөсүнөн тартып алууну эмес, мыйзамдаштырып берүүнү көздөп жатабыз",- деп билдирди Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакыт Матисаков.