Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосу жана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион өрт коопсуздугун сактоочу эрежелерге жооп беришпейт

Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосу өрт коопсуздугун сактоочу эрежелерге жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

"Кокус өрт чыгып же чукул кырдаал каттала турган болсо, өрттү өчүрүүгө жана залдагы адамдарды коргоп кала турган атайын өрттөн коргоочу темир пардалар жок. Адам саны көп болгон имарат, мекемелерде кооптуу абал тууралуу белги берүүчү сигнализациялар турушу зарыл. Аталган имараттын коопсуздук эрежелери толук сакталган эмес. Буга чейин эскертүүлөр берилип келген, бирок эч кандай натыйжа чыккан эмес. Болгону айып пул төлөө менен кырдаалды жөнгө салышкан. Азыркы тапта 1 ай убакыт берилди. Имаратта жалпысынан 2300 орундук бар. Эгерде Кожомкул атындагы Спорт Ордосу келген көрүүчүлөрдүн коопсуздугун коргоо иш-чараларын толук аткарбаса, анда мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт",- деп айтылат инспекция берген маалыматта.

Ошондой эле Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо дагы өрт коопсуздугун сактоо эрежелери толук каралбаганын Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
advert
2016-02-09 13:24:56
жаны стадион, жаны спорт сарайын салып алсак сонун болот эле да, эээх
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан