Германиянын Бад-Айблинг шаарына жакын жерде 2 поезд кагылышып кетти. Кырсыктан 8 адам каза болуп, 150 адам жаракат алды. Бул тууралуу 9-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Эки поезд бүгүн эртең менен Бавария аймагында кагылышып кеткен. Кырсык болгон жерде 100гө чукул куткаруучулар жана дарыгерлер иш алып барышууда. Айрым маалымат булактары поезддердин бири рельстен чыгып кеткенин кабарлады. Полиция кырсыктын келип чыгуу себептери боюнча билдирүү тарата элек.