Бүгүн, 9-февралда саат 14:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 155-чакырымында “Кыргыз нефть” ишканасына караштуу күйүүчү май ташыган Шатман үлгүсүндөгү унаанын ээси рулду башкара албай жолдон чыгып, унаа оодарылып кеткен. Күйүүчү май төгүлгөн эмес, жабыркаган жана каза болгондор жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Оодарылган унааны “Кыргыз нефть” ишканасы өздөрү крандын жардамы менен тургузуп, алып кетишет.