7 жаштагы Даниэлди уурдап, мыкаачылык менен өлтүргөн А.Майрамга карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, бүгүн-эртең сотко өтөт. Маалыматты 9-февралда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы ырастады.
Айта кетсек, өткөн аптада кылмышка шектүүгө жасалган соттук экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Анда анын акыл-эси ордунда экени аныкталган.
2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы А.Майрам аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону аныкталган. Суракта А.Майрам акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан.