Бишкектин жана Чүй облусунун тургундары милиция кызматкерлерине атуучу куралдарды жана ок-дарыларды тапшырышты. Бул тууралуу 9-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ Бишкек шаарынын 39 жаштагы тургуну Т.А. өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине көлмөдөн таап алган РГД-5 гранатасын жана жардыруучу запасын өз ыктыяры менен тапшырган. Мындан сырткары Көлмө жаңы конушунун 21 жаштагы К.А. аттуу тургуну 5,45 миллиметр калибриндеги 13 даана огун тапшырган.
Ошондой эле Ысык-Ата районунун Киров айылынын 22 жаштагы тургуну А.А. 7,62 калибрдеги 7 даана ок атуучу куралды укук коргоо органдарына өткөрүп берген. Ал эми Алмалуу айылынын 32 жаштагы жашоочусу Б.Д. 9 миллиметрлик Макаров тапанчасынын 24 даана огун жана белгисиз үлгүдөгү тапанчанын магазинин тапшырган.
Кемин районунун Орловка шаарынын 29 жаштагы тургуну Т.Ж. өз үйүндө жаткан Олимпик-6 үлгүсүндөгү газ тапанчасын милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.