"Ош облусунун Кара-Суу районундагы базардан 5 миң сомдук товар уурдаган" деп 49 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу 9-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-февралда милицияга 24 жаштагы А.И. кайрылган. Ал базардагы контейнерден аялдардын кийимдерин уурдап кеткендерге карата чара көрүүнү суранган.
Кылмыштын изи сууй электе Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери тарабынан шектүү катары Ош шаарынын жашоочусу, 1967-жылы туулган А.К. кармалган. Ал "Оомат" базарынан 4950 сомдук кийимдерди уурдап кеткен" деп айыпталып, ага карата "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголду.