Токмоктогу психоневрологиялык интернаттан эки адамдын Орусияга сатылышы боюнча иш учурда Аламүдүн райондук сотунун кароосунда турат

Токмоктогу психоневрологиялык интернаттан эки адамдын Орусияга сатылышы боюнча иш учурда Аламүдүн райондук сотунун кароосунда турат. Маалыматты SUPER.KG порталына Аламүдүн райондук сотунан тастыкташты.

Эске салсак, 2013-жылдын октябрь айында Токмоктогу жатак-үйдүн директору 2-топтогу эки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды 500 долларга Орусияга сатып жибергени айтылган. Алар Москванын метролорундагы станцияларда кайырчылык кылышмак. Ошол эле жылы тергөөнүн алкагында жогоруда аталган интернаттын директору Курманкул Жумалиев кылмышка шектелип камакка алынган. Ага "адам сатуу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.

Белгилүү болгондой, тергөө аяктаганда бул ишти Токмок шаардык соту карап, интернаттын директоруна айып пул салган. Андан кийин иш Жогорку Сотко өткөрүлүп, ал жактан кайра кароо үчүн Аламүдүн райондук сотуна жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан