Ош. 2,5 миллион сом салык төлөбөгөн ишканага карата кылмыш иши козголду

Ири суммада салык төлөбөгөн жоопкерчилиги чектелген коомдун кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголду. Муну 9-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мекеменин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Орекс Плюс” ишканасы 2 миллион 500 миң сом салык төлөбөгөндүгү аныкталган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан