* Мындан 30 жыл мурун, 1986-жылы кикбоксчу Кумар Жалиев Ош шаарында төрөлгөн. Спортко бала чагынан эле кызыгып, 8-классынан баштап спортзалга бара баштаган. Ошол күндөн тарта кикбоксингдин үстүндө тынымсыз иштеп, 11-класста КРнын чемпиону болгон.
* Мындан 10 жыл мурун, 2006-жылы акын, публицист, адабият таануучу, журналист, окумуштуу жана коомдук-саясий ишмер Салижан Жигитов көз жумган. Маркумдун сөөгү 2006-жылы 13-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган.
Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк кыштагында туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) филология факультетин, 1965-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын аяктаган. Өзүнүн эмгек жолун Салижан Жигитов 1959-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
* Мындан 179 жыл мурун, 1837-жылы улуу орус акыны Александр Сергеевич Пушкин көз жумган. 1836-жылдын кышында Пушкиндин көрө албас душмандары, ак сөөк петербургчулар акындын аялы падыша менен байланышкандыгы тууралуу ушак таратып жиберишет. Аны менен эле тим болуп калышпай, учурдан пайдаланган француз "келгини" Дантес жүзү каралык менен акындын аялы Наталья Николаевнага сугун артканы билинет. Өзүнүн бийик адамдык, акындык даражасын коргоп калуу максатында Пушкин Дантести 1837-жылы 27-январда Петербургдун жанындагы Кара дайра деген жерге дуэлге чакырган. Айрым маалыматтар боюнча, Дантестин огунан оор жаракат алган Пушкин эки күндөн кийин жарык дүйнө менен кош айтышат. Ал эми көпчүлүк маалымат булактарында Александр Сергеевич Пушкин 10-февралда көз жумган деп айтылат.
Акын В.Жуковскийдин "орус поэзиясынын күнү батып кетти" деп жар салып жазганы бар. "Ар кандай элдик толкундоо болуп кетет" деп чочуган падыша акындын сөөгүн Петербургдан жашыруун алып чыгууга буйрук берген. Пушкиндин сөөгү Михайлов деген кыштактын жанындагы Святогорск монастрына караштуу көрүстөнгө коюлган.
* Мындан 66 жыл мурун, 1950-жылы сууда сүзүү боюнча 9 жолку Олимпиада чемпиону, америкалык сууда сүзүүчү Марк Спитц АКШнын Калифорния штатындагы Модесто шаарында туулган.
Марк Спитц спорттон 1972-жылы 22 жашында Мюнхенде өтүп жаткан Олимпиада оюндары учурунда кеткен. Дал ошол Олимпиада оюндары убагында палестиналык террорчулар тарабынан теракт болуп, израилдик 11 олимпиадалык делегациянын өмүрү кыйылган. Ал Марк Спитцтин спорттон кетүүсүнө себеп болгон.
10-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.