Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылынын жолун оңдоого өткөрүлгөн тендерде кызматтык жасалмалуулук фактысы аныкталды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кызматтык жасалмалуулук фактысы аныкталды. Бул тууралуу 10-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жолго асфальт төшөө үчүн тендер өткөрүлгөн. Түзүлгөн протоколго ылайык, тендерге бир катар ишканалар, анын ичинен "Алакан Строй" жоопкерчилиги чектелген коому да катышкан. Кийин "Алакан Строй" сынакка катышуу үчүн документтерди бербегени аныкталган. Тендердик комиссия кепилдик сумма катары 12 000 сом төккөнүн белгилегени менен, компания ал каражатты төккөн эмес. Жыйынтыгында комиссия аталган ишкананы жеңүүчү катары таап, компаниянын эсебине 592 миң сом которуп берген. Өз кезегинде ишкана коюлган тапшырманы аткарган эмес. Окуя боюнча комиссиянын өкүлдөрүнө "кызматтык жасалмачылык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayselim
2016-02-10 11:18:06
Joldor bolboi ele kalgan tezireeek ondow kerek.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан