Салык төлөбөй мамлекетке 22,2 миллион сом зыян келтирген ишканага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 9-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган мекеменин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан "Ордо Ойл Строй компани" ишканасы салык мыйзамын бузуп, 2013-2014-жылдары ишмердик жүргүзгөнү үчүн салык төлөбөгөндүгү аныкталган. Натыйжада мамлекетке 22,2 миллион сом зыян келтирилген. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.