Ош облустук ооруканасынын урология бөлүмүнүн дарыгери пара алып кармалды. Бул тууралуу 10-февралда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жогоруда аталган оорукананын Т.З. аттуу дарыгери 5500 сом пара алып жаткан учурда колго түшкөн. Милицияга кайрылган жаран дарыгер андан 9 миң сом талап кылганын айткан. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.