Бишкекте уюлдук телефон уурдагандар кармалышты

Борбор калаада бир катар уурулук фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу 10-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-февралда Бишкек шаарынын тургуну Н.Р. милицияга кайрылган. Ал Жаш Гвардия жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз үч жаран анын баласына карата күч колдонуп "Самсунг-Галакси" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Фактыга шектүү катары Ала-Тоо жаңы конушунун тургуну А.Мендешов кармалып, тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Ушундай эле тоноочулук Свердлов райондук милициясында катталган. Анда саат 03:00дө Медеров жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз 4-5 жаран күч колдонуп Бишкек тургунунун кымбат баалуу уюлдук телефонун тартып алышканы маалымдалган. Бул кылмыш боюнча Алтын-Ордо жаңы конушунун тургундары Э.Ж. жана Р.С. кармалышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан