Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн жаран Таластан баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу 10-февралда Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, издөөдө жүргөн Талас шаарынын 25 жаштагы тургуну М.Н. Талас районунун Кум-Арык айылында колго түшүрүлгөн. Ага тиешелүү пакеттин ичинен салмагы 290 граммды түзгөн маңзат табылган. Ал эми жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда анын уктоочу бөлмөсүнөн 25 грамм салмактагы баңгизат алынган. Кармалган адам камакка алынып, сурак берүүдө.