"Жылкыларды байланган жеринен уурдап кеткен" деп Кара-Буура районундагы Үч-Булак айылынын тургуну кармалды. Бул тууралуу 10-февралда Талас ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, милицияга 2015-жылдын 17-декабрь күнү Кара-Буура районунун Кара-Суу айылынын тургуну Н.Ашырбеков арыз менен кайрылган. Ал 2 баш жылкысы талаада аркандалып турган жеринен белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткенин билдирген.
Ошондой эле Бейшеке айылынын тургуну К.Ашыралиевге таандык 1 баш жылкы да байланып турган жеринен уурдалып кеткен. Аталган кылмыштарга шектүү катары 1983-жылы туулган С.М. аттуу жаран колго түшүрүлдү. Кылмышка шектүү камакка алынып, сурак берүүдө.