Жылнаама, 11-февраль: Мындан 4 жыл мурун америкалык ырчы, актриса Уитни Хьюстон 48 жаш курагында дүйнө салган

* Мындан 55 жыл мурун, 1961-жылы куудул Дөөлөт Мадымаев Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Булаш кыштагында туулган. Апасынан 16 жашында ажырап, үйдүн улуусу болгондуктан, турмуштун далай ысык-суугун башынан өткөргөн. Мектепте тентек, шок, тамашакөй окуучу болгон. Кесиптик орто окууну бүтүрүп, тракторист-механик күбөлүгүн алган.
Куудул Манас Бердибеков Кара-Сууда жүрүп, эл арасынан Дөөлөт Мадымаевдин талантын байкап, чоң сахнага алып келген. 1987-жылы “Чал-кемпирдин чатагы” деген номери менен Кызыл-Кыя шаарында алгачкы жолу сахнага чыккан.
Дөөлөт Мадымаев 2011-жылы 8-октябрда оорудан көз жумган.

* Мындан 35 жыл мурун, 1981-жылы эстрада ырчысы Урмат Усенов Таласта туулган.
Урмат Усенов "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча 2006-жылы "Жылдын имиджи" деп табылса, 2008-жылы "Супер ырчы мырза” наамын алган. Ал эми 2012-жылы "Супер-Инфо" гезити жубайы, ырчы Неля экөөнө "Сахнанын кош жылдызы" наамын ыйгарган. Ошондой эле 2008-жылы Маданият министрлиги тарабынан Урмат Усеновго “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белги берилген.


* Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы Михаил Горбачёв, ханзаада Чарльздын кийимдерин тиккен англиялык дизайнер Ли Александр МакКуин 40 жашында өзүнүн үйүндө асынып калган. Буга 2-февралда дизайнердин апасы көз жумуп, ошондон улам Ли Александр МакКуин депрессияга кабылгандыгы себеп болгон.

* Мындан 4 жыл мурун, 2012-жылы америкалык ырчы, актриса, продюсер, фотомодель Уитни Хьюстон Лос-Анжелестин “Беверли Хиллтон” мейманканасында 48 жаш курагында дүйнө салган. Уитнинин жуунуучу бөлмөдө жаткан чала жан денесин анын жан сакчылары көрүп, “Тез жардам” чакырышкан, бирок баары кеч болуп калган.
"Гиннесстин рекорддор китебинде” Уитни Хьюстон эң көп сыйлыктардын ээси болгон артист катары жазылып калды. Анын сыйлык, наамдары жалпы 411ге жеткен. Башкасын айтпаганда эле ырчы, актриса 2 “Эмми”, 6 “Гремми”, “Billboard” журналынын 30 атайын сыйлыктарынын ээси болгон.

11-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gulya21
2016-02-10 22:34:25
Уитни Хьюстон эмне себептен олгон экен супер аныгырак жазбапсынарда мага ырлары аябай жагат
0
Futuro
2016-02-11 01:17:57
Gulya21, Уитни наркаманка болгон, ал куну дозасынан коп колдонуп алып передоз болгон.
+1
aszyma
2016-02-11 10:34:48
Михаил Горбачев да олгонбу 2010 жылы
0
admin_portal
2016-02-11 11:37:42
aszyma, саламатсызбы!
Маалыматты кунт коюп окусаңыз, "... Михаил Горбачёв, ханзаада Чарльздын кийимдерин тиккен англиялык дизайнер Ли Александр МакКуин 40 жашында өзүнүн үйүндө асынып калган." деп жазылган. Горбачёв эмес анын кийимдерин тигип берген дизайнер каза болгон.
0
aszyma
2016-02-11 10:36:29
Мм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан