Кыргыз жеринде бүгүн, 11-февралда саат 05:52 чамасында очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу кыргыз жеринин аймагында Жалал-Абад шаарында болгон. Таш-Булак айылынан 5 чакырым түштүк-батышка, Көк-Жаңгак шаарынан 20 чакырым түштүк-батышка карай, Ош шаарынан 55 чакырым түндүк-чыгыш тарапка карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Жалал-Абад шаарында, Чеке-Дөбө, Таш-Булак айылдарында 4 баллга, Көк-Жаңгак, Базар-Коргон, Өзгөндө 3 баллга, Кочкор-Ата, Отуз-Адыр айылдарында 2,5 баллга жетти. Жер титирөөдөн улам кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.