Акыркы суткада өлкөдө 4 өрт кырсыгы катталып, Кара-Суу районунда аянты 180 чарчы метрди түзгөн турак үй толугу менен күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.

Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүндөгү турак жайлардын биринен өрт чыкты. Анда аянты 180 чарчы метрди түзгөн турак үй толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна тиричилик электр шаймандарын колдонуудагы өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан