Баткен облусундагы "Арсенал" операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда аймактык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында 1955-жылы туулган И.Мадалиев аттуу жаран номуру өчүрүлгөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды сактап жүргөнү аныкталган. Кадамжай районунун Алга айылында 43 жаштагы Н.Султанов аттуу жергиликтүү тургун да тиешелүү документи жок Иж-16 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды көтөрүп жүргөн жеринен кармалган.
Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.