"Манас" аэропортунан башка адамдын документи менен Москвага кетүүгө аракеттенген жаран кармалды

11-февралда "Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Москва авиакаттамынын жүргүнчүлөрүн каттоо маалында 1983-жылы туулган А.Н. аттуу кыргыз жараны башка адамга таандык документти көрсөткөн. Чек арачылар документти текшерген соң ал башка адамдын паспорту экенин аныкташкан. Тийиштүү документтер чогултулгандан кийин кармалган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
amin1986
2016-02-11 11:48:29
Бир эскертуу берип коё бериш керек,мамлекетте иш жок,Москвага барайын десе черный списокто,жан багыш керек да кандай болбосун,ошол кара тизмени биздин жеп жутарлар чечип берсе жакшы болмок,
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан