Борбор калаада зордуктоо фактысына шектелип 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы М.Айзада кайрылган. Анда ал саат 15:30 чамасында анын Марс аттуу чала таанышы үйүнө конокко чакырып, күч колдонуу менен аны зордуктап койгонун айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Жалал-Абаддын 23 жаштагы М.Марс аттуу тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.