Борбор калаада "кымбат баалуу телефонду алдамчылык жолу менен тартып алган" деген шек менен шаардын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 23 жаштагы А.Нодира кайрылган. Анда ал Адыл аттуу жигит анын ишенимине кирүү менен баасы 40 миң сомду түзгөн "Айфон-5" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 25 жаштагы К.Адылжан кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.