Бишкек шаарында жалпы суммасы 89 миң сомду түзгөн өздүк буюмдарды уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 60 жаштагы Т.Гүлүмкан аттуу шаардын тургуну кайрылган. Арызда белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, жалпы суммасы 89 миң сомду түзгөн өздүк буюмдарын алып кетишкени айтылган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 40 жаштагы шаардын тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.