Плагиат боюнча биринчи жолу козголгон кылмыш иши иликтенүүдө

Мамлекеттик экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан товардык белгини мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталган. Факт боюнча "бөтөн товардык белгини, тейлөө белгисин, фирмалык аталышты, товардын келип чыккан жеринин аталышын мыйзамсыз пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул өлкөдө плагиат боюнча биринчи жолу козголгон кылмыш иши катары каралууда. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Муну аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, белгисиз адамдардын тобу "Ашкан+" идиш-аяк жуучу каражаттын аталышын ишкананын ээсинен сурабай колдонуп товар чыгарып келишкен. Алардын товар чыгарууга уруксат берчү документи жок экени аныкталган. Иликтөө иштеринин алкагында өндүрүш цехи табылып, санитардык талаптарга жооп бербеген жайдан 13 188 литр идиш жуучу каражат алынган. Алдын ала маалыматтарга таянсак, товардын баасы 1 миллион сомдон ашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Seyitira8186
2016-02-11 23:21:03
Ана эмесее.дагы биз билбеген канча. ПЛАГИАТтарды иштетип атабыз.кыргыздар деле кытайлардан уйрондуда самапал чыгарышты
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан