Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева дыйкандарга кандай өсүмдүктөрдү жана жер-жемиштерди өстүрүү керектиги боюнча кеңеш бербегени үчүн өкмөттү сынга алды.
Анын айтымында, былтыр бир топ дыйкандар күнөсканаларында өстүргөн продукцияларын бекер таратууга мажбур болушкан. "Бизнесте негизги максат - киреше табуу. Эгер рынокто продукциянын көлөмү көп болсо, анын баасы арзандайт. Былтыр дыйкандар помидорлорду, капустаны бекер таратууга мажбур болушкан, анткени бул жер-жемиштердин көлөмү суроо-талаптан арткан. Мамлекет айыл чарба продукцияларына болгон суроо-талапты анализдеп, дыйкандарга туура кеңеш бериш керек",- деди Алтыбаева.