Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Бавариядагы адам өлүмүнө алып келген темир жол кырсыгына байланыштуу Германиянын президенти Йоахим Гаукка жана өлкөнүн канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда президенттик аппараттан кабарлашты.
Өлкө жетекчиси кырсыктан каза тапкандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайышын каалаарын билдирди.
Эскерте кетсек, 9-февралда Германиянын түштүгүндө эки поезд сүзүшүп, 10 адам каза таап, ондогон адамдар жаракат алганы маалымдалган эле.