Жылнаама, 12-февраль: Мындан 6 жыл мурун Ванкувердеги Олимпиада оюндарында машыгуу учурунда грузиялык чана тебүүчү Нодар Кумариташвили көз жумган

* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы Бишкек гарнизондук аскер соту мурунку президент Курманбек Бакиевди 24 жылга сыртынан соттогон. Ал эми Жаныш Бакиевдин мүлкү конфискацияланып, өмүр бою эркинен ажыратылган жана генерал-лейтенант аскер наамы алынган.
Ага-ини Бакиевдер 2009-жылы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш жообуна тартылышкан.

* Мындан 108 жыл мурун, 1908-жылы автомашиналардын биринчи дүйнөлүк жарышы Нью-Йорк шаарынын Таймс-сквер аянтынан старт алган. 6 автомобиль адегенде Сан-Франциского жетип, ал жерден кеме аркылуу Японияга, андан дагы кеме менен Орусияга келишкен. Катышуучулар Орусиядан чыгып, андан ары Европа шаарларын аралап, жарыш 26-июль күнү Парижде соңуна чыккан.
Биринчи автомобиль жарышынын жеңүүчүсү Жорж Шустер 88 күн рулду башкаргандыгы маалым болгон.

* Мындан 7 жыл мурун, 2009-жылы АКШнын Нью-Жерси штатындагы Ньюарк шаарынан Нью-Йорк штатындагы Буффало шаарын көздөй жол алган Bombardier Dash 8 учагы Буффалого жакын жайгашкан Клэренс шаарында турак үйдүн имаратына урунган. Учактагы 49 киши жана үйдүн ээси каза болгон.

* Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы "Ванкувер-2010" Кышкы Олимпиадасында Уистлер чана трассасында даярдык учурунда 21 жаштагы грузиялык Нодар Кумариташвили трассанын соңку имерилишинен чананы башкара албай калып, 140 чакырым-саат ылдамдык менен бетон тоскоолдукка урулган. Эсин жоготкон спортчу тезинен ооруканага жеткирилип, бирок дарыгерлер аны өлүмдөн арачалай алышкан эмес.

12-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aitpaaim
2016-02-11 18:59:28
Атамбайев укканбыкен конул айтып койуш керек уят грузиялык коллегаларына
-7
beka027
2016-02-11 20:53:10
Сен биринчи туура жазышты үйрөнүп алсан.Атамбайев эмес Атамбаев болотко же силерге ошентип окутканбы?
+6
aikokul14
2016-02-12 11:29:44
beka027,озу катталганда эле никти туура эмес ачканго сыягы.
0
Umar080814
2016-02-11 22:33:24
Бакиев эркек
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан