Ооганстандын Кандагар провинциясында 2 полиция кызматкери өздөрүнүн кесиптештерине ок чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 10-февраль күнү орун алган. Натыйжада 5 адам каза таап, 6 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кесиптештерине ок чыгарган полиция кызматкерлеринин "Талибан" кыймылынын согушкерлери менен байланышы болгон. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Айта кетсек, мындай окуя январь айында да орун алган. Анда да 9 полиция кызматкери каза тапкан.