Жүрөк формасына салынган баңгизат менен кармалган жарандын иши боюнча санкция кечээ каралып, ал Бишкектеги №1-СИЗОго эки айга камакка алынды. Анын күнөөсү аныкталса, 4 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу 12-февралда SUPER.KG порталына Баңгизаттарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Айта кетсек, 10-февралда Шопоков шаарында баңгизаттарын мыйзамсыз сактоого, таратууга шектелип 1976-жылы туулган С.А. кармалган. Ал Жалал-Абад облусунун Сары-Сөгөт айылынын тургуну экени аныкталган. Текшерүү учурунда анын жанынан салмагы 444 грамм болгон 41 даана гашиш табылган.