Ысык-Көл облусунда тоноочулукка шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-февраль күнү Каракол шаарынын ички иштер башкармалыгына Жети-Өгүздүн 25 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал саат 10:00 чамасында белгисиз жаран күч колдонуу менен уюлдук телефонун жана күрмөсүн тартып алганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурда сот жобуна тартылган 31 жаштагы Боз-Учук айылынын Э.Замир аттуу тургуну кармалган. Анын жанынан далил катары уурдалган телефон жана күрмө да табылган.
Учурда бул факт боюнча материалдар чогултулуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.