Ысык-Көлдө айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери "140 гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берген" деп шектелишүүдө

Ысык-Көл облусунда айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз түрдө 140 гектар жер бөлүп берүүгө шектелип жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Абдрахман айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2014-жылы сентябрь айында жарандарга мыйзамсыз түрдө 140 гектар жер тилкесин бөлүп беришкени аныкталган. Бул факт боюнча тиешелүү материалдар чогултулуп, облустук прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан