Нарын шаарында жол кырсыгы катталып, кош бойлуу аял жана 2 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алды

Нарын шаарында жол кырсыгы катталып, кош бойлуу аял жана 2 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы РТС аймагында болгон. Анда айдоочу Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаасы менен зым карагайды сүзүп алып, кырсык болгон жерден качып кеткен. Унаанын 26 жаштагы кош бойлуу Кундуз К. аттуу жүргүнчүсүнүн баласы ичинен козголуп, ал тез арада төрөт үйүнө жеткирилген, 24 жаштагы Кайып уулу Э. бутунан жаракат алган, 25 жаштагы Бокен уулу М. жамбаш сөөгү чыгып кетип Нарын шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан