Акыркы суткада өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталып, Араванда курулуш чарбасынын чатыры жана 4,5 тонна чөп күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 3, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталды.

Араван районуна караштуу Төбө-Коргон айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы чыкты. Анда жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 150 чарчы метр курулуш чарбасынын чатыры, 4,5 тонна чөп жана 2,5 тонна жүгөрү бакалы күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна отко карата этиятсыз мамиле себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан