Бишкектеги батирлердин биринин ашканасында өрт чыгып, 4 наристе иске ууланды

Бишкектин Табышалиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин ашканасында палас күйгөн. Өрт балдардын от менен ойногонунан келип чыккан. Кырсыктан 4 наристе иске ууланды. Бул тууралуу 12-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түтүнгө жеңил уулангандар:

2010-жылы туулган Самара Кутманалиева;

2013-жылы туулган Азат Кутманалиев;

2012-жылы туулган Ажар Жеңишова;

2014-жылы туулган Айдар Жеңишов.

"Тез жардам" кызматкерлери келип, балдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2016-02-12 11:48:41
Кудай сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан