Борбордо "күч колдонуу менен 18 миң сомун тартып алган" деген шек менен 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-февраль күнү милицияга арыз менен Т.Ш. аттуу жаран кайрылган. Ал саат 03:30 чамасында Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адам аны ур-токмокко алып, күч колдонуу менен 18 миң сомун тартып алганын айткан. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Т.С. кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.