Бишкекте "окуучулардан акча талап кылып жүргөн" деген шек менен өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-февраль күнү милицияга арыз менен Арча-Бешик жаңы конушунун М.А. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 10-февралда саат 17:00 чамасында №67-орто мектептин жанынан 7-класста окуган баласынан А.А. аттуу бала 2,5 миң сомдук капчыгын тартып алганын айткан. Ушундай эле арыз менен дагы эки ата-эне кайрылган. Алар балдарын мектептин жанынан А.А. аттуу бала кармап алып, "акча алып кел" деп айтканын билдиришкен.
Түшкөн маалыматтардын негизинде мектептеги Өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциянын кызматкери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Үсөнбаев көчөсүндө жашаган 14 жаштагы А.А. кармалган. Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары башталды.