Бишкекте милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, бейбаштыкка шектелген эки жаран кармалды

Борбор калаада милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, бейбаштыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-февралда түнкү саат 03:15 чамасында милицияга "Киев жана К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сайрандоочу жайдын эки кардары акча төлөөдөн баш тартып жатат" деген маалымат келип түшкөн. Аталган жерге келген милициянын ыкчам тергөө тобу 25-30 жаштар чамасындагы эки жигит уят сөздөр менен сөгүшүп жатканын көрүп, эскертүү берген. Бирок алар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүп, аларга күч колдонуу менен биринин кийип жүргөн бушлатын жана погондорун айрып салган.

Бул факт боюнча кармалган К.Р. аттуу Нарындын тургуну жана Ысык-Көл облусунун Ж.М. аттуу тургуну убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан