Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан өткөн жылдан бери дайынсыз болуп жүргөн Изат Атаев изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы Изат Атаев 2015-жылдын 29-июлунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Белгилүү болгондой, ал мурда да дайынсыз жоголуп кетип, кийин тиешелүү кызматтын кызматкерлери тарабынан табылган, бирок көп өтпөй кайра жоголуп кеткен.
Белгилери: бою 170 сантиметр, дене түзүлүшү арык чырай, чачы кара, көзү күрөң.
Эгерде Изат Атаевди көрүп-билгендер болсо, (0312) 26-63-17, 26-62-61, (0553) 75-85-75, (0701) 75-85-75 телефон номурлары аркылуу кабарлап койсоңуздар.