Ири суммадагы акча каражатын алдоо жолу менен тартып алган адамды Бишкек шаарынан кармашты. Муну 12-февраль күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине борбор калаанын тургундары Ю.Д. жана П.А. кайрылышкан. Алар ишенимине кирип, алдоо жолу менен 92 500 АКШ долларын алып алгандыгын айтышкан. Шектүү өзүнүн 12-кичи райондогу батирин жабырлануучуларга сатарын билдирип, алган акча каражатын ошого чегерип коюусун айткан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү деп Д.Вадим кармалып, тергөө жүрүүдө.