Кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык посттор 2016-жылдын август айында алынары күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө керек. "2015-жылы ЕАЭБге кирүү дүйнөдөгү жана аймактагы экономикалык кризис менен бир убакта болуп калган. Мындан улам кыйынчылыктарды туура түшүнүү керек. Биз бул маселелерди чечүү боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Мисалы, Орусияда мигранттарыбыз тоскоолдуксуз жумушка орношууда. Чек араларыбызда санитардык жана фитосанитардык посттор алынган. Ал эми ветеринардык посттор августта алынат деп күтүп жатабыз",- деди өкмөт башчы.