Жылнаама, 13-февраль: Мындан 76 жыл мурун кыргыздын чыгаан кинорежиссёру, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев туулган

* Мындан 76 жыл мурун, 1940-жылы кыргыздын чыгаан кинорежиссёру, жазуучусу жана коомдук ишмери Дооронбек Садырбаев өлкөбүздүн түштүгүндө, азыркы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда) туулган. 1957-жылы орто мектепти аяктап, кийин Бишкектеги (ал кездеги Фрунзе шаары) Медициналык институтка тапшырган. Студент кезинен эле режиссёрдук жана кино өнөрү менен "ооруп" калган. 4-курстан мединститутту таштап, жаңы ачылган Кыргыз сыналгысына режиссёрдук ишке орношкон.
Ал режиссёрдук кылган даңазалуу "Махабат дастаны" тасмасы 1983-жылы тартылган жана кыргыз көрүүчүлөрүнүн жылуу баасына арзыган. Бул тасма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романындагы бир окуяга негизделген.
Дооронбек Садырбаев саясатка аралашып, 1994-жылдан 1995-жылга караган кышта оппозициячыл саясатчы катары шайлоого катышып, жеңишке жетишкен. Ошондон тартып көзү өткөнчө ал Жогорку Кеңештин депутаты (1995-2008) болгон.
Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда 69 жашында оорунун айынан каза тапкан.

* Мындан 4 жыл мурун, 2012-жылы УКМКнын СИЗОсунда кызматтык кылмышы үчүн кармалып отурган Бишкек ШИИБинин кызматкери Айбек Эшбаевдин асынып өлгөндүгү тууралуу маалымат ачыкка чыккан. 11-февраль күнү Бишкек шаардык прокуратурасына Дмитрий Смирнов деген жарандан арыз келип түшкөн. Арызда Смирнов жол кырсыгына кабылып, ушуга байланыштуу Айбек Эшбаев пара талап кылгандыгы айтылган. Анын негизинде Бишкек шаардык прокуратурасы менен Каржы полициясынын кызматкерлери Айбек Эшбаевди кармашкан. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында каза болгон МАИ кызматкери Айбек Эшбаев 100 доллар пара алгандыгы үчүн айыпталган. Айбек Эшбаев 1996-жылдан бери ички иштер кызматында иштеген, анын ичинде акыркы 15 жыл МАИ кызматкери болгон.

* Мындан 28 жыл мурун, 1988-жылы түрк актёру Гюрбей Илери Стамбулда төрөлгөн. Гюрбей окууну аяктаган соң актёрдук чеберчилик боюнча курстарга катышкан жана Бейкент университетин аяктаган. Илери "Arka Siradakiler" аттуу сериалга жана "Aiakta Gal" аттуу фильмге тартылган. 2012-жылы "Даңазалуу кылым" сериалына шахзада Мехмеддин ролуна чакырылган. Актёр бул ролу үчүн 8 килограммга арыктап, спорт менен алектенген.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Мексиканын Сонора штаты жаңы төрөлгөн балдарга ысым коюуда 61 атка тыюу салган мыйзам кабыл алган. Аталган аттардын тизмесине Гитлер, Рембо, Бургер-Кинг, Терминатор, Жеймс Бонд, Бэтмен, Twitter, Facebook жана башкалар кирген. Мыйзам жаш балдардын кийинки жашоосунда ысымынын айынан коомчулукта шылдың болуп калуунун алдын алуу болуп саналган.

13-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulya21
2016-02-12 20:26:59
Супер Кореялык актёр Kim Myung Min жана актриса Lee Ji Ah жөнүндө толук маалымат берип койгулачы сураныч эгер мүмкүн болсо
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан