Жылнаама, 15-февраль: Мындан 3 жыл мурун Орусия, Башкортостан менен Казакстандын аймагына метеорит учкундары түшкөн

* Мындан 105 жыл мурун, 1911-жылы алгачкы алиппе китеби “Алифба йаки төте окуу" деген аталышта жарык көргөн. Китепти атактуу кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабай уулу Уфада (Башкортостан) окуп жүргөн кезинде казак студенти Хафис Сарсекеев менен биргеликте чыгарган. Бул китеп кыргыз-казак тилинде араб жазмасында “Шарк” басмаканасында басылып чыккан. Ал эми азыркы алиппенин алгачкы автору - педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев. “Алиппе” – араб алфавитинин “алиф” жана “бэ” деген алгачкы эки тамгаларынан турган сөз.

* Мындан 44 жыл мурун, 1972-жылы советтик актриса, 1985-жылы экранга чыккан "Келечектен келген конок" ("Гостья из будущего") тасмасындагы Алисанын ролу аркылуу эбегейсиз атак-даңкка жеткен советтик актриса Наталья Гусева СССР­дин Москва облусунун Звенигород шаарында туулган. Наталья Гусева актёрлук карьерасында "Келечектен келген конок", "Кылымдын жарышы" ("Гонка века", 1986), "Кызгылт-көгүш шар" ("Лиловый шар", 1987), "Ааламдын эрки" ("Воля Вселенной", 1988) тасмаларына тартылган.

* Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы Брюсселде 2 поезд бетме-бет кагылышкан. Бельгиянын тарыхындагы бул эң ири темир жол кырсыгында 18 адам каза болуп, 170тен ашууну жаракат алган. Кагылышуу эртең менен кар жаап жаткан кезде болгон.

* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы Орусиянын Тюмень, Курган, Свердлов, Челябинск облустарына жана Башкортостан менен Казакстандын Костанай аймагына метеорит учкундары түшкөн. Орусиянын Челябинск шаарына жакын жерде жарылган метеориттин толкунунан улам 1613 киши жабыр тартып, мамлекетке 1 миллиард рублга чейин материалдык чыгым алып келген.
НАСАнын маалыматы боюнча, диаметри 17 метр, салмагы 10 миң тоннадай болгон метеорит Жердин атмосферасына 18 км/с ылдамдыкта кирген. 32,5 секундадан кийин метеорит атмосферанын жогорку катмарында чачырап жарылган. Дал ушул метеорит Жерге түшкөн асман телолорунун арасынан Тунгусс метеоритинен кийинки эле эң чоң метеорит деп саналат.

15-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан