"Ата Мекен" фракциясы ЗАГСга каттала элек жубайларга нике кыйгандарды соттоо демилгесин жактырды

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы үй-бүлө институтун бекемдөө багытында иштелип чыккан Үй-бүлө кодексине жана Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү демилгесин жактырды.

Демилгечи депутат Аида Салянованын айтымында, мыйзам долбоору аркылуу ЗАГСга каттала элек жарандарга нике кыйган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушу киргизилүүдө. Алардын пикиринде, сунушталып жаткан чаралар эрезеге жете элек балдардын укуктарынын корголушуна түрткү берет.

Статистикалык маалыматтарга караганда, айымдардын 15 пайызы 18 жашка толо элек курагында, ал эми 1 пайызы 15 жашка толо элек курагында турмушка чыгышкан. Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында 15-19 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргыз Республикасы 5-орунда турары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан