Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Киев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин ашканасынан жыйылган таштанды күйүп кеткен. Анын кесепетинен 1952-жылы туулган Д.Татьяна түтүнгө ууланып, каза болуп калган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.