Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 3, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталды.
Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда жалпы аянты 22 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган чарба курулушунун чатыры, унаанын 8 дөңгөлөгү, 1 куб отун күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.