ЭЛДИК КАБАР: Патрис Лумумба көчөсүндөгү жарнама тактайлары жолго коюлуп, унаа тыгынын жаратып жатат

Бишкектин Патрис Лумумба көчөсүндөгү (Кудайберген) жарнама тактайлары жолго коюлуп, автоунаа кыймылына тоскоолдук жаратып жатат. Муну окурман 15-февралда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Эски, жарактан чыккан автоунааларды жол жээгине калтырышып, жарнамалык тактайлардын жолго чыгып турганынан улам тыгын жаралып, аймактын жашоочуларына жана шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратып келет. Буга бирөө-жарым чара көрөбү, бизде качан тартип орнойт?"- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nur0077
2016-02-15 10:47:32
Жолдо эч Ким жок,жол тыгыны вощще жок.кана тыгын болгон машинелер?же андроид утайын деп жонотуп жатабы тушунбойсун.мындай бир чындыка дал келген кат-кабар жонотсонор.бирок реклама кочого ашыкча чыгып кеткени корунуп турат.
-2
A3A
2016-02-15 12:19:15
nur0077, Обязательно тыгын болгондо алыш керекпи, жарнаманы да коё турган орду болот
+2
ariwka
2016-02-15 11:23:06
Патрис Лумумбасы кайсыл кочо?! Озубуздун эле улуу инсандарыбыздын атынан койсо жакшы болмок.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан