Ош облусунун тургуну 1 килограммдан ашуун баңгизат менен кармалды (фото)

1 килограммдан ашык баңгизат менен Ош облусунун тургуну кармалды. Муну 15-февралда
Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-февраль күнү аталган кызматтын Ош шаарында болгон ыкчам издөө иши учурунда Ош облусунун 40 жаштагы Т.Д. аттуу тургунуна тийиштүү Дэу Тико унаасын токтотушкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын алдынкы отургучунан каралжын-күрөң түстөгү зат табылган. Затты эксперттик-криминалисттик бөлүмгө аныктоого жөнөткөн. Жыйынтыгында болжол менен 60 миң сомду түзгөн 1 килограмм 35 грамм гашиш заты экени аныкталган. Бул факт боюнча "мыйзамсыз түрдө баңгизатты даярдоо, сактоо, таркатуу жана аны сатууга даярдоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан