Кадамжайда бир үй-бүлө иске ууланып, 23 жаштагы келин жана 8 айлык ымыркайы каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына аймактык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя Жаңы-Жер айылында болгон. Анда 12-февраль күнү кечинде үй ээси мешке көмүр салып, баары уйкуга кетишкен. 13-февраль күнү эртең менен 23 жаштагы келин жана 8 айлык ымыркайы жансыз абалда экени аныкталган. Ал эми үй ээси оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген. Иликтөө иштеринин алкагында эне менен бала иске ууланып калганы аныкталган.
"Учурда үй ээсинин абалы туруктуу, ал өзүнө келди. Ага ооруканадан тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө",- деп билдиришти аймактык Ички иштер башкармалыгынан.
Белгилүү болгондой, кечээ 14-февралда эне менен ымыркайдын сөөгү жерге берилди.