СМАРТФОН КЕТСИН!!!
(тамсил)
Сайылып турган жеринен,
Смартфон байкуш жоголду.
Чуу түшүп үйдүн баарына,
Издешти карап оң-солду.
Жаңырат сайрап үч тилде,
Коңгуроо кылса өчүк деп,
Каргады ээси калчылдап,
Ким алса ошол "көчүк" деп!
Төр жайнап конок келбесе,
Ким алды дешти батынып?
Кожоюн башын мыкчыды,
Кетти деп эчак сатылып...
Угулуп ар бир кадамдар,
Үстүндө жүрдү адамдар.
Өч алуу болуп жатканын,
Болбоду эч ким кабардар.
Жер төлөө болуп ажалы,
Смартфон турду калтырап.
Куралын кезеп буюмдар,
Кекетип турду камчылап.
Сөз алып кары ЖЫЛСАНАК,
Арманын айтып баштады.
Көрсөтүп ар бир барагын,
Ортого муңун таштады:
- Чаң толду барак каралбай,
Сен үчүн жүрөм саналбай.
Айрылбай калып ай, күндөр,
Оор болуп калдым басалбай.
Жаңырган сайын Жаңы жыл,
Койкойтуп такчу дубалга.
Сен келип жаман кор болдум,
Сыздатып калдың убалга.
Бир муштап жыгып салчудай,
Муштумун түйдү ҮНАЛГЫ.
Чаң баскан добуш киркиреп,
Муңканып карап үн салды:
- Угузуп кабар, ырларды,
Көрчү элем үйдө жыргалды.
Жаңыртып обон созчу элем,
Ырларым ашып кырларды.
Койнуна кысып кожоюн,
Кучактап дайым жатчу эле.
Кумарга батып ырлардан,
Кыялга дайым батчу эле.
Сен келип бузуп жашоомду,
Кампага салды ыргытып.
Соо койбойм сени бечара,
Өпкөңдү үзөм тынчытып...
Чокмордой кылып төштөрүн,
Акшыйтып ачып көздөрүн.
ФОТОАППАРАТ чартылдайт,
Кекетип сүйлөп сөздөрүн:
- Менде деп көздүн мыктысы,
Бирге алып дайым жүрчү эле.
Жайнатып тартсам сүрөтүн,
Жылмайып дайым күлчү эле.
Чет жердин баарын кыдырып,
Кожоюн менен жүрчү элем.
Сен буздуң баарын шоркелдей,
Сый толгон өмүр сүрчү элем...
Баш кесип көнгөн адамдай,
Балтачан келди аппак КАТ.
Көзүнүн жашын көлдөтүп,
Ажылдап чыкты сөз баштап:
- Жеткирип далай сырларды,
Жарчысы болгом сүйүүнүн.
Бүт жерде мени күтчү эле,
Тынч койбой почта түйүнүн.
Сагынып түрдү "марканы",
Санаага батып жүрөмүн.
Биздин шеф сени чукулап,
SMS жазса күйөмүн.
Сен кетпесең тынчтык жок,
Өлбөйүн кармап жүрөгүм...
Жумушсуз калган буюмдар,
Чырылдап турду токтобой.
Сүйрөлүп келген ТЕЛЕФОН,
Жайлаймын деди октобой.
Боорунда сандар жайнаган,
Чынжырды тиштеп чайнаган.
КАЛЬКУЛЯТОР бакырды,
Арманын айтып кайрадан.
Ботодой боздоп СААТ турду,
Ойготпой калдым таңда,- деп.
КИТЕПТЕР дагы чуулдашты,
Жатабыз дайым чаңда,- деп.
Көп кино тарткан КАМЕРА,
Чукуймун деди көзүңдү.
Он-лайныңды жогот деп,
СЫНАЛГЫ бетин өчүрдү...
Баарын билген Смартфонду,
Буюмдар турду КЕТСИН деп!!!
Ар бири ойлоп керт башын,
Каргашты убал жетсин деп.
Чегинен ашып жек көрүү,
Талкалап салды баарылап.
Кожоюн тапса жан салар,
Жашоосун берип даарылап...
Көз салып көптү билбеген,
Кан соруп элди бийлеген,
Көрө албай алга кеткенди,
Көөдөнү дайым кирдеген,
БУЮМДАР сындуу адам бар,
Жакшыны көрсө жиндеген.
Көп ишти жалгыз жасаган,
Адамдар бар СМАРТФОНДОЙ.
Көралбас дайым жабышып,
Кууратып келет соо койбой.
Кыйкыра берсек КЕТСИН,-деп,
Курттар да качат жойлобой.
Мыктыны барктап жашайлы,
Керт баштын камын ойлобой!!!